Өзгөндө 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Өзгөн районунун Прогресс айылындагы 150 орундуу Т.Орозов атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери “Азия курулуш компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Долбоорго ылайык, мектеп Г формасында болуп, үч блоктон турат. Жалпы аянты 1279 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулушу 100 пайыз бүттү. Техника жана эмеректер менен 50 пайыз камсыздалып, учурда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Связанный пост