Түптө “Дыйкан” ишканасын рейдерлик жол менен ээлеп алган жаран кармалды

 Түптө “Дыйкан” ишканасын рейдерлик жол менен ээлеп алган жаран кармалды

Түптө “Дыйкан” ААКты рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп айылындагы “Дыйкан” ААКтын (эски аталышы “Кыргызсельхозхимия” Түп райондук өндүрүштүк бирикмеси) 3,30 га аянттуу жер тилкесин жана мүлктүк комплексин рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында З.Б.В. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Тактап айтканда, З.Б.В. жасалма иш-кагаздарды колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, жалган маалыматтарды колдонуу менен аталган иш-кананын жамааттык жыйындарынын протоколдорун түзүп, бул аракеттери менен колдонуудагы өлкө мыйзамдарын бузуп, өзүн иш-кананын төрагасы катарында көрсөткөн жана “Дыйкан” ААКнын мүлктөрүн мыйзамсыз тескеп жүргөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган З.Б.В. соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Связанный пост