Эсеп палатасынын инспектору пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

КР Эсеп палатасынын инспектору пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору И.М.А. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалап акча талап кылуу жолу менен 800 миң сом алганы аныкталган.
Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10 пайыздык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эсеп палатасынын кызматкери И.М.А. кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.