Лейлекте жаңы окуу жылында 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилет
Лейлек районунун Бешкент айылында Келечек атындагы орто мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, заманбап мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Учурда мектепти эмеректер менен касыздоо, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Типтүү мектепте балдардын спорт менен машыгуусу үчүн спорттук залы, тамактануусу үчүн ашканасы бар.
Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 167 млн 700 миң сом каралып, Баткен облустук капиталык курулуш башкармалыгы тарабынан курулду.