Чүйдө экинчи түшүм алуу үчүн сабиз жана жүгөрү эгилди

Москва районунда дыйкандар экинчи түшүм алуу үчүн 318 гектарга сабиз, 400 гектарга силостук жүгөрү эгишти.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда өсүмдүктөр жакшы өнүгүп жатат. Оруп-жыйноо иштери октябрь айына пландалган.
Экинчи түшүм алуу ыкмасы дыйкандар үчүн кошумча киреше алып келүү менен бирге жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын түзүүгө өбөлгө болот.
Айыл чарба министрлиги дыйкандарды бул тажрыйбаны кеңири колдонууга чакырып, ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө экинчи түшүмдүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштайт.