Кыргызстан менен Өзбекстан экспортко болгон тоскоолдуктарды жоюуда

Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлик байланышын бекемдеп, экспортко болгон тоскоолдуктарды жоюуда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстанда президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Жол картасынын милдеттерине ылайык иш алып барат.
Бул иш-чаралардын алкагында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департаментинин башчысы Эрвин Тургунов менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
- өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу максатында өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген кыргыз-өзбек жумушчу тобунун жыйындарын даярдоо жана өткөрүү;
- мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча паритеттик министрликтердин орун басарлары деңгээлинде, анын ичинде видеоконференция форматында, сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды уюштуруу;
- “Интергласс” ЖЧКсынын ата мекендик өндүрүүчү-экспортерунун Өзбекстанга продукцияларын бажыдан чыгаруудагы көйгөйлүү маселелерин жана аларды биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жолу менен тез арада жоюу зарылдыгын;
- Эл аралык соода борбору “Термез” соода комплексинен мурда түзүлгөн соода жайын сатып алуу боюнча келишимдин сатуучунун милдеттенмелерин практикалык ишке ашыруу.
Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өтүп, кыргыз-өзбек өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин жана тараптардын өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даярдыгын тастыктады.