Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департамент башчысы Эрвин Тургунов менен жолугушууда эки тараптуу товар жүгүртүүнүнун олуттуу маселелерин талкулашты, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.
Тараптар Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ жыйындарын даярдоо, эки тараптуу товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле “Интергласс” компаниясынын Өзбекстандагы бажы маселелерин чечүү жана “Термез” эл аралык соода борборундагы келишим милдеттенмелерин аткарууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик визити учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кабыл алынган Жол картасынын алкагында уюштурулду.