Манас районунда жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейди

Манас районунда жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда районундун аймагында чыктуу тоют камдоо өнөктүгү башталды. Бул иштер мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
2024-жылы район аймагында жалпы 8 миң тонна чыктуу тоют бастырылган болсо, быйылкы жылы анын көлөмүн 12 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Аталган максатка жетүү үчүн 2025-жылы жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейтилди. Бул айыл чарба ээлерин заманбап технологияларды колдонууга жана өндүрүштү көбөйтүүгө түрткү берди.
Учурда түшүмдүүлүк гектарынан орточо 400-450 центнерди түзүп, план боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздоодо.