Ноокатта 10 га жер имараттары менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү

“Ак-Сай цемент” ЖЧКсы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 га жер тилкесин имараттары менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында “Ак-Сай цемент” ЖЧКсы аянты 10 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алуу менен цемент завод куруп иштетип жүргөнүн аныктаган.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын маалыматына ылайык, Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн (азыркы маалда Кулатов а/ө) 2002-жылдагы токтому менен “Ак-Сай” ЖЧКга завод куруу үчүн Беш-Бурхан айылынын аймагынан 10 га жер тилкеси ажыратылып берилген.
Бирок, аталган токтомду чыгарууда Жер кодексинин (ошол учурдагы редакциясына ылайык) 11-12-13-32-беренелеринин талаптары бузулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында “Ак-Сай” цемент жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси цемент заводту имараттары менен бирге 10 га жер тилкесин мамлекетин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.