Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 109-беренесине өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле жүрүм-турумдук жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий-жүрүм турумдук саламаттыгын коргоо болуп саналат.
Алсак, ушул мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди сатууну, максат кылбастан даярдоо, көрсөтүү, сактоо же жарнамалоо, же мындай предметтерди башка жолдор менен жайылтуу, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзгөртүү киргизүү сунушталат.