Модернизациядан өткөн “Казарман” аэропорту ишин жандантат

“Казарман” аэропорту модернизациядан кийин кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, инфраструктураны жаңылоо 1 840 метрлик учуп-конуу тилкесин, цчак жолдорун, унаа токтотуучу жайларды жана аэробекетти оңдоону камтыган.
“Казарман” аэропортунун кайрадан ишке кириши — өлкөнүн транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам. Биз учуулардын коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түздүк. Эми аймактын жашоочулары жана коноктору Бишкекке тезирээк жана ыңгайлуу жете алышат”, — деп белгиледи “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Маалыматка ылайык, аэропорт Жалал-Абад облусунун кооз тоолуу аймагында, Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Ал салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алууга ылайыкташкан жана күндүз иштейт. Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, ал эми азыркы имараты жана учуп-конуу тилкеси 1985-жылы курулган. Бул жерден Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып турган.
20 жылга созулган узак тыныгуудан соң аэропорт аймактын өнүгүүсү үчүн жаңы дем берет.
“Сентябрь айынын башында мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Казарманды Бишкек менен байланыштырган үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизүүнү пландап жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.