Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды
Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жергесинде жүрүүдө.
Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда:
чуңкурларды казуу иштери 74 чакырым;
темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 чакырым;
зым тартуу иштери 62 чакырымга жетти.
Чек араны демаркациялоо иштерине төмөнкү мамлекеттик аскер кызматтары катышууда:
УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери;
УКМКнын Чек ара кызматынын инженердик сапердук отрядынын адистери;
Коргоо министрлигинин аскерлери;
ИИМ ички аскерлери;
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери;
ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери
Белгиленгендей, жумушчу күчү жана курулуш материалдары жетиштүү.
Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө. Калкттуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бак-дарактардан тазалоо иштери жүрүүдө. Тургундар чек араны тосуу иштерин кубаттап, турак-жайлары аркылуу өткөн зым тартуу иштерине түшүнүү менен мамиле жасалууда.