Каракөл ГЭСинин курулушу 80% аяктады
Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясынын боюна курулуп жаткан Каракөл ГЭСинин курулушу кызуу жүрүүдө.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө ГЭСтин курулушу 80 пайызга бүтүп, төмөнкүдөй иштер аткарылууда:
башкы суу алуучу курулуш толугу менен бүткөрүлдү;
ГЭС имаратынын колонналарын, крандардын устундарын, жогорку курулуш металл конструкцияларын жана чатырын монтаждоо иштери аяктады;
алуу каналдарын бетондоо боюнча жана сэндвич-панель дубалдарын монтаждоо иштери жүрүүдө;
басым түтүгүн монтаждоо акыркы этабында, калган түтүк барчасы монтаждалууда;
жерди даярдоо жана жер казуу иштери аяктады;
подстанциянын жабдууларын орнотуп, монтаждоо акыркы баскычта;
№1 жана 2 гидротурбиналардын орнотулган тетиктери, ошондой эле бардык жабдуулар курулуш аянтчасына жеткирилди;
курулуш кранын монтаждоо иши сонуна келди
Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: Станциянын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүүсү 110 млн кВт/саатты түзөт. Каракөл ГЭСинин курулушу болжол менен быйылкы жылдын аягына белгиленген.