Президент көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды кайтарды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Медербек Саккараев тарабынан демилгеленген «КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарды.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын негизги ченеми – эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу.
Каршы пикирлер КР акыйкатчысынын (омбудсменинин), Башкы прокуратурасынын, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык сотунун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды.
Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет (Аялдарды дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 320-1 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы № 257-1 кошулуу жөнүндө токтомдору), Бала укуктары жөнүндө конвенциянын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII кошулуу жөнүндө токтому), мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерин жактагандыгынбилдирет, аялдарды жана балдарды укуктук жанасоциалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле КР Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.