Кыргызстанда 3,7 млрд сомдук айыл чарба техникалары лизингге берилди

 Кыргызстанда 3,7 млрд сомдук айыл чарба техникалары лизингге берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сомго 1 123 даана лизингдик техника берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу ишке ашырылууда.

 

Азыркы учурда банктар дыйкандарга жылдык үстөгү пайызы 6 пайыз менен 7 жылга чейинки мөөнөткө лизингге айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүн жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдууларды берет.

 

Белгилей кетсек, долбоор 2011-жылдан тартып ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күнгө чейин 21,8 млрд сомго 8191 даана техника лизинг жолу менен берилди.

 

Бул долбоорлор дыйкандарга механизацияланган кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүүгө, ошондой эле айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Связанный пост