Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасында орун алган кырдаалга тынчсызданууда

Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасында орун алган кырдаалга тынчсызданууда.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан эки өлкөнүн тең элдери менен түзүлгөн достук мамилени эске алып, тараптардын тез арада тынчтыкка жетишүүсүнө үмүт артат.
“Биз эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.
ТИМ Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы Кыргызстандын элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “ыкчам байланыш” телефонуна: +996 999 312002 (WhatsApp) кайрылса болот.