Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы толук реконструкцияланат

 Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы толук реконструкцияланат

Жакында Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал аты айтып тургандай эле бул жай салкын, шылдырап суу агып, абасы таза, жайкалган шибер, тоосу толгон карагай-арча экенин белгиледи.

“Бул жерге союз мезгилинде эс алуу жайы курулуп, элди тейлеп келген. Кийин каралбай, имараттары бузулуп, ээнсиреп, ташталып калыптыр.

Мына ушул жерди Президент Садыр Жапаров “Чүйдөгү Ала-Арча паркындай кылып оңдоп, жаңы имараттарды кургула”-деген тапшырма берип, Иш Башкаруучусу Каныбек Туманбаевди жиберип, мен дагы чогуу барып көрүп келдим. Иш Башкармалык Салкын-Төр паркын калыбына келтирүү жана жаңы имараттарды куруу боюнча долбооруна киришти. Буюрса, жакынкы аралыктарда Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, – деп жазды ал.

Связанный пост