Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

 Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Электр энергиясын үнөмдөө — ар бир жарандын жоопкерчилиги, – деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына.

Анын айтымында, ушул жайда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Бул көрсөткүчтүн өсүшүнө төмөнкү факторлор себеп болду. Завод-фабрикалардын иши жанданды, көп кабаттуу үйлөрдүн саны өстү, өндүрүш тармактары кеңейди.

“Энергияга болгон суроо-талап жогорулаган шартта мамлекет да аракет көрүп жатат. Азыркы учурда жаңы гидроэлектростанциялар (ГЭС) курулууда, мурдагы ГЭСтер реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулатылып, электр жабдуулары жаңыртылып жатат.

Бул аракеттер Кыргызстандагы экономикалык өсүш жана өнүгүү темпи менен түздөн-түз байланыштуу.

Бирок бул багыттагы ийгиликтер жалгыз мамлекеттик аракет менен эле камсыздалбайт. Ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги да маанилүү. Андыктан, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ашыкча чыгымдардан алыс болуу, тартип жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу — ар бир кыргызстандыктын милдети.

Энергияны сарамжалдуу пайдалансак — өзүбүзгө да, өлкөбүзгө да пайда. Жоопкерчиликтүү бололу, электр жарыгын үнөмдөйлү!”, – деп жазды ал.

Связанный пост