Бүгүнкү күндө Талас облусунда 170 дарыгер жетишпейт

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев облуска иш сапары менен келген саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр облус башчысынын медициналык кызматкерлерди тартуу боюнча көтөргөн демилгесин кубаттап ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле ал фельдшердик-акушердик пункттардын жана үй-бүлөлүк дарыгер топторунун имаратын толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иш-аракеттерин ар тараптуу колдоорун белгиледи.

Мындан тышкары, Эрмат Жумаев Эркин Чечейбаевге облустагы саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берип жатып, учурда облус боюнча 170 дарыгердин жетишпестиги өзгөчө курч маселе болуп жатканын айтты.

“Биз ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк тарабынан аймактагы медицина кызматкерлерине колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп келе жатабыз. Бирок ага карабастан, бир катар системалуу көйгөйлөр дагы эле курч бойдон калууда. Азыркы учурда облус боюнча 170 дарыгердин жетишпестиги өзгөчө курч маселе болуп турат. Ошондой эле аймактагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана ак халатчандардын таңкыстыгын жоюу боюнча колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз”, — деди облус жетекчиси.

Өз кезегинде министр көтөрүлгөн маселелер министрлик тарабынан көңүл борборунда болорун белгилеп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы тыгыз кызматташтыкты улантуу макулдашышты.

Связанный пост