Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга жумуш сапары менен келди
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Режеп Тайип Эрдоган “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген.
Түркиянын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.