Чүй районунда кылкандуу дан эгиндеринин 45,6 пайызы жыйналды

Чүй районунда 9 365 гектар аянтта кылкандуу дан эгиндери өстүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата анын 4 272 гектары, же 45,62 пайызы жыйналды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, орточо түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.
Буудай 2 377 гектар аянтка себилип, анын 350 гектары жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк — гектарына 27,1 центнер. Ал эми арпа 6 988 гектар аянтка эгилген болсо, анын ичинен 3 922 гектар жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.
Мындан тышкары, район аймагындагы 20 гектар аянтка арпанын эки сорту — “бакула” жана “маргарит” сорттору эгилген. Анын ичинен 7,5 гектар жерге “бакула”, калган 12,5 гектарына “маргарит” сорту себилген. Учурда бул аянттардан түшүм жыйноо иштери да жүрүп жатат.
“Аймактагы дыйкандар айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдаланып, эгинди өз убагында жана жоготуусуз жыйнап алуу иштерин уюшкандыкта жүргүзүшүүдө”, – деп айтылат маалыматта.