Балыкчыны өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнүп, 12 багыт боюнча иш жүргүзүлөт

 Балыкчыны өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнүп, 12 багыт боюнча иш жүргүзүлөт

Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнүп, 12 багыт боюнча иш жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Балыкчыга келип, алдыдагы негизги пландар менен тааныштыруу учурунда белгилүү болду.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде шаардын келечегин түп-тамырынан өзгөрткөн масштабдуу иштер башталды.

“Өлкө башчы Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын өнүгүүсүнө 1 млрд сом бөлүп берүүнү кароодо. Бул каражат шаар инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объекттерди курууга жана жашоо сапатын көтөрүүгө багытталат”, – деди ал.

Мындан сырткары, Туманбаев министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Балыкчы үчүн 100 млн сом бөлүп, автобустар жана тазалык ишканасы үчүн заманбап техникалар сатып алына турганын билдирди.

Белгиленгендей, учурда Бишкектен Балыкчыга техникалар жеткирилип, иш башталды. Алгач Балыкчынын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат. Ошондой эле 20-июль күнү 12 кабаттуу ипотекалык турак жайлардын курулушу башталып, мезгил кутусун салуу аземи өтөт.

Балыкчы шаарында жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, турак жай, мектеп жана бала бакчалардын курулушу, этно-комплекстин салынышы, коомдук транспортту жакшыртуу, коомдук кызматтардын сапатын көтөрүү сыяктуу 12 багытта иштер жүргүзүлөт.

Президенттин Иш башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аралашпайт. “Биздин негизги милдет — мамлекет башчысынын тапшырмаларын так жана жоопкерчилик менен аткаруу жана жалпы өнүгүүгө өз салымыбызды кошуу”, — деди Туманбаев.

Президенттин өз көзөмөлүндөгү бул ири долбоор Балыкчынын жүзүн өзгөртүп, шаар тургундарынын жашоо сапатын жаңы деңгээлге көтөрөрү талашсыз.

Связанный пост