Өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар

 Өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар

2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү.

Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:

  • мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;
  • саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;
  • социалдык кызматкерлер – 23;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;
  • юристтер – 5;
  • экономисттер –  210;
  • психологдор – 26;
  • инженер – 38;

Жумушчу кесиптер боюнча – 5 282:

  • компьютердик адистер (оператор, программисттер ж.б) – 435;
  • айыл чарба тармагы – 159;
  • соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ж.б) – 286;
  • тигүүчүлөр –471;
  • курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)
  • айдоочулар – 785;
  • кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ж.б.);
  • ар тараптуу жумушчулар – 617.

Бош орундарды аймактар боюнча бөлүштүрүү:

  • Бишкек шаарында – 4595 бош орун катталган, анын – 3361и жумушчу орундар;
  • Ош шаарындаа – 780 бош орун катталган, анын – 573ү жумушчу орундар;
  • Баткен облусунда – 600 бош орун катталган, анын – 362си жумушчу орундар;
  • Жалал-Абад шаарында – 168 бош орун катталган, анын – 75и жумушчу орундар;
  • Ысык-Көл облусунда – 539 бош орун катталган, анын – 335и жумушчу орундар;
  • Нарын шаарында – 230 бош орун катталган, анын – 124ү жумушчу орундар;
  • Ош облусунда – 358 бош орун катталган, анын – 207си жумушчу орундар;
  • Талас облусунда – 144 бош орун катталган, анын – 19у жумушчу орундар;
  • Чуй облусунда – 276 бош орун катталган, анын – 226сы жумушчу орундар;

Связанный пост