Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн

 Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 15-16-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан ӨКМ арыктарды, сел каналдарын тазалап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертет. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталат.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз “112” кызматына билдириңиз.

Связанный пост