Жыл башынан бери Жалал-Абадда 25,3 миң турак жай камсыздандырылган

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 25 миң 363 турак жай камсыздандырылган. Бул тууралуу күн мурун өрттөн жабыркаган Ноокен районунун эки тургунуна камсыздандыруу төгүмдөрүн тапшыруу учурунда маалымдалды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 миң 21 турак жайга көп.
Белгилей кетсек, Камсыздандыруу уюму 2024-жылы жабыркаган үй-бүлөлөргө жалпы 7 млн сомдон ашуун акча каражатын төлөп берген.