Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 215 жол кырсыгы катталды

 Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 215 жол кырсыгы катталды

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 215 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу президенттин өкүлү Тилек Текебаев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөргөн жыйында белгилүү болду.

Анда облус башчысы тийиштүү мекеме-ишканаларга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 5 ай аралыгында 215 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу үч учурга аз. Ал эми кырсыктардан 43 адам каза тапкан.

Облус башчысы жолдо жаралган ар бир кырдаалга убагында реакция кылуу, жарандардын өмүрүн сактоонун маанилүүлүгүн айтып, мында айдоочулар тарабынан эрежелердин так сакталбаганы көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Текебаев жол белгилеринин жетишсиздиги, алардын өз убагында орнотулушу жана жаңыланышы боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү катталган Ош – Бишкек унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенине токтолду. Буга байланыштуу өкүл алыс аралыкта жүргөн айдоочулар үчүн атайын токтоп, эс алууга ыңгайлуу жайларды уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы унаа жолдордун жалпы узундугу 6 870 чакырымды түзөт. Анын ичинен 626 чакырым Эл аралык, мамлекеттик маанидеги 1056, жергиликтүү маанидеги 1217 чакырым аралыктагы жолдор бар.

Связанный пост