Бишкекте кайгуул кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө 2025-жылы 15-февралда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат колдонгон айдоочуну аныктап, бирок унаа башкаруудан четтетүү жана транспорт каражатын айып токтотуучу жайга коюу боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүшкөн эмес.
Милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун ордуна укук бузган айдоочуну опузалап, акча талап кылышкан. Натыйжада 34 миң сом өлчөмүндө пара алып, анын бир бөлүгү инспекторлордун биринин өздүк банктык эсебине которулган.
Натыйжада, аталган айдоочу окуя болгондон эки күн өткөндөн кийин, тактап айтканда 17-февралда ошол эле унаа менен Москва РИИБдин Кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан мас абалда кармалып, унаа айып короого киргизилген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.