Жыл башынан бери 981 ишкердик субъект текшерилди

Ветеринардык кызмат январь-май айларында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында жигердүү иштерди жүргүздү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, белгиленген мөөнөт ичинде республикалык деңгээлде 1 146 ишкердик субъектти текшерүүгө макулдашуу алынган, алардын ичинен 981 субъект текшерүүдөн өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгында 332 көрсөтмө берилип, ветеринардык-санитардык талаптар менен көрсөтмөлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн жалпы 761 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Республика боюнча ветеринардык көзөмөлгө тиешелүү болгон жалпы 73 242 объект катталган. Учурда бир инспекторго орточо 75 объект туура келет.