Чечейбаев: Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 22-23 миң сом

 Чечейбаев: Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 22-23 миң сом

Бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлыгы 22 -23 миң сом. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, 100 миң сомдук айлыктарды тынбай иштеген 2-3 врач алышы мүмкүн, андайлар бар. Бирок, бул дарыгерлер ооруканада жашагандай эле эки күндүн биринде кечки нөөмөткө чыгып иштешет.

“Мурда врачтардын айлыгы мындан да аз болчу. Карап көрсөк 5-6 жыл мурун врачтардын айлыгы 7 миң сом болгон. Акырындан көбөйүп отуруп, орточо айлык учурда 22 миңге чыкты. Бул деле эмнеге жетет?”,- деди министри.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост