Шашылыш билдирүү: Өлкөдө 41°ка чейин күн ысыйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 17-19-июнда ысык аба-ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлүүдө.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
“Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат”, – деп айтылат маалыматта.