Бир аптада дээрлик 22,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

 Бир аптада дээрлик 22,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө аймагында  9-июндан  15-июнга   чейин 22 миң 479 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-707;

-Мас абалында унаа башкаруу – 297;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 117;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 541;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 788;

-Авто ээнбаштык – 12;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 434;

-Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 046;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 533  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост