Астанада Кыргызстан-Казакстан Парламенттер аралык кеңешинин жыйыны өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин III жыйынына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, өз баяндамасында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы өткөн жылы Бишкекте жана Астанада кыргыз-казак бизнес форуму ийгиликтүү өткөнүн, анда 308 млн долларлык келишимдерге кол коюлганын кошумчалады.

“Мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатында да керектүү иштерди алып барышыбыз керек. Айрыкча биргелешкен соода-логистикалык комплекстерди куруу жана өнөр-жай тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү учур талабы. Андыктан эки өлкөнүн парламенттери аталган багыттагы макулдашуулардын аткарылышын мыйзамдык жактан колдоого алып, алакалардын жаңы багыттарын аныктоого көмөк көрсөтүшүбүз зарыл”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Андан тышкары, соңку учурларда маданий-гуманитардык кызматташтык да жигердүү улантылып жатканын айткан төрага өткөн жылы Казакстанда кыргыз киносунун күндөрү, жаштардын, илим жана маданият ишмерлеринин биргелешкен форумдары ийгиликтүү өткөнүн мисал кылды.

Ал эми Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов да бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы демилгелери менен бөлүштү.

Анын ичинен калыптанган байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айткан Ерлан Кошанов аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Связанный пост