Эмгек министрлиги: 313 чет өлкөлүк жаранга “Мекен карт” берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги канча “Мекен карт” картасы берилгенин жана чет өлкөлүк жарандыгы барлар мекендеш макамын кантип алса болору тууралуу маалымат берди.
Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдын 13-мартында “Мекен карт” долбоору ишке киргенден бери 313 жаранга чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамы берилген. Бул убакыт аралыгында 361 арыз кабыл алынып, анын ичинен 9 арыз четке кагылган.
Арыздар “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу кабыл алынат.
“Мекен карттын” жарактуу мөөнөтү 10 жыл. Арыздарды кароо жалпы тартипте 3 айга чейин жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 1,5 айга чейин созулат (эгерде Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу алты айдан ашпаган убакыт мурун болсо).
Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, мурда Кыргызстандын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери “Мекен картты” алууга укуктуу.
Арыз Кыргызстандын аймагында – аймактык бөлүмдөрүндө же калкты тейлөө борборлорунда , ошондой эле өлкөнүн чегинен тышкары – Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринде берилет.
“Мекен карт” ээлери бир катар жеңилдиктерди алышат: Кыргызстанга визасыз кирүү, чыгуу жана болуу укугу, жашоого уруксаты жок туруктуу жашоо мүмкүнчүлүгү, Кыргызстандын жарандары менен бирдей шарттарда ишке орношуу, саламаттыкты сактоо жана билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк, ошондой эле он жыл бою айыл чарба жерлерин башкаруу мүмкүнчүлүгү.
2025-жылдын 1-майына (2023-жылдан бери) карата өлкөлөр боюнча статистика төмөнкүдөй:
- Россия – өтүнмө 217, 190 берилген
- Туркмения – өтүнмө 28, 22 берилген
- Германия – өтүнмө 62, 51 берилген
- Австрия – өтүнмө 9, 9 берилген
- Беларусь – өтүнмө 1, 1 берилген
- Турция – өтүнмө 2, 2 берилген
- Иордания – өтүнмө 2, 2 берилген
- США – өтүнмө 2, 2 берилген
- Корея – өтүнмө 17, 17 берилген
- Украина – өтүнмө 10, 10 берилген
- Швеция – өтүнмө 2, 1 берилген
- Нидерланды – өтүнмө 1, 1 берилген
- Малайзия – өтүнмө 2, 2 берилген
- Республика Нигер – өтүнмө 1, 1 берилген
- Япония – өтүнмө 1, 1 берилген
- Великобритания – өтүнмө 1, 1 берилген
- Йемен – өтүнмө 1
“Мекен карт” долбоору өнүгүүнү улантууда, ал чет өлкөлүк жарандыгы бар кыргызстандык мекендештерге колдоо көрсөтүүдө”, — деп түшүндүрдү министрлик.