Соцфонд ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди.
Фонддон билдиришкендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, атап айтсак Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат.
Ага ылайык, Кыргызстандын Социалдык фонду 120 жарандын пенсиясын чектеди:
- Россиянын 109 жаранына, алардын ичинен:
6 киши Кыргызстандын мыйзамдары боюнча пенсияга чыккан, 1 кишинин пенсиясы төлөмдөр узак убакыт жүргүзүлбөгөндүктөн токтотулган.
- Казакстандын 9 жаранына, алардын ичинен:
2 кишинин пенсиясы өз арызынын негизинде токтотулган.
- Беларустун 2 жаранына, алардын ичинен:
1 жаран Кыргызстандын мыйзамдары боюнча пенсияга өткөн.
Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын 82 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.