Жээнбек Кулубаев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

 Жээнбек Кулубаев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Күн мурун “Борбор Азия – Индия” форматындагы диалогдун төртүнчү министрлик жыйынынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты.

Индия тарап жыйынга катышкан Борбор Азия мамлекеттерине ыраазычылык билдирип, Индия менен регион өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктүн, өз ара ишенимдин жана ар тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Министр болуп өткөн жыйын Диалогго катышкан өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун заманбап тенденцияларга ылайык багыттарын, атап айтканда, каржылык инструменттерди өнүктүрүү, жашыл технологияларды киргизүү жана санариптештирүү маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгиледи.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн Индия менен мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкка болгон оң маанайын билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди регион менен туруктуу жана көп тараптуу кызматташуунун стратегиялык маанисине токтолуп, ар тараптуу байланыштарды мындан ары дагы бекемдөөгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар “Борбор Азия – Индия” диалогдук аянтчасынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, көп кылымдык достук байланышты чыңдоого жана Диалогго катышкан өлкөлөрдүн жарандардын кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Связанный пост