ТИМ башчысы Борбор Азия-Индия диалогунун министрлер жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун Нью-Дели шаарында өткөн «Борбор Азия – Индия» иалогунун министрлеринин 4-жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирет.

Өз сөзүндө министр Жээнбек Кулубаев диалогго катышуучу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, атап айтканда, өз ара байланыш, аймактык коопсуздук, ошондой эле технология жана өнүгүү тармактарындагы кызматташуу маселелерин белгиледи.

Кыргыз тарап региондогу мамлекеттердин өз ара байланышын, анын ичинде түз авиакаттамдарды ачуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Финансылык инклюзивдүүлүктү стимулдаштыруунун, “жашыл” күн тартибинин алкагында кызматташууну активдештирүүнүн жана келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттарда жаңы технологияларды жана санариптештирүүнү колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу форматта регионалдык коопсуздук маселелери боюнча ишти улантууга даярдыгы ырасталды.

Талкууланган демилгелерди иш жүзүндө ишке ашыруу максатында, кыргыз тарап диалогго катышуучу өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволору ортосунда диалог механизмдерин түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун катышуучулары кызматташтыкты активдештирүү боюнча конкреттүү сунуштарды, анын ичинде транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү, анын ичинде эл аралык транспорт коридорлору боюнча долбоорлор, биргелешкен жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү, тиешелүү жумушчу топторду түзүүнү ортого салышты. Ошондой эле элдик дипломатияны чыңдоо максатында академиялык жана маданий алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды.

Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучулар бул өлкөдөгү абалды региондогу туруктуулуктун негизги факторлорунун бири катары белгилешти. Гуманитардык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнүн, ошондой эле бул өлкөнүн аймактык жана эл аралык процесстерге интеграцияланышына көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Афганистанды аймактык жана эл аралык процесстерге интеграциялоого көмөк көрсөтүү, гуманитардык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү дагы белгиленди.

Мындан тышкары, жыйында Борбор Азия-Индия диалогунун экинчи саммитин өткөрүү маселеси талкууланды. Тараптар анын датасын дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашууга келишти.

Жыйынтыгында тараптар талкууланган демилгелердин практикалык багытын белгилешип, бул форматтын алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жыйынтыгында Борбор Азия-Индия диалогунун министрлеринин 4-жыйынынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Связанный пост