Бишкек – Балыкчы багытындагы жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт
Бишкек – Балыкчы багытындагы жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, башкармалыктын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы кызмат алып барып жаткан жол тескөөчүлөрдүн кызмат өтөө тартибин текшерип, айдоочуларга түзүлүп жаткан шарттар жана жолдун абалы менен жеринен таанышты.
Анда санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлерге берилген төш камералардын, автоурагандардын, электрондук планшеттердин жана байланыш каражаттардын техникалык абалы текшерилип, жол унаа кырсыктардын, жол тыгындарынын алдын алуу боюнча тийиштүү нускамалар жеткирилди.
Ошондой эле Жумагулов жол чийиндерин, жол белгилерин жеринен карап, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жол жээгиндеги башаламан соода-сатыктарга жол бербөө, кооптуу аймактарды, жол тосмолорду жеринен карап, аныкталган кемчиликтерди орундатуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды койду.