Кувейттин мураскор ханзаадасы Сабах Халид аль-Хамад аль-Сабах Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен кутттуктады

Кувейт Мамлекетинин мураскор ханзаадасы Сабах Халид аль-Хамад аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен кутттуктады.
«Рухий жана ишенимге толгон бул куттуу күндөрү ушул жана ушул сыяктуу майрамдар Кыргыз Республикасына жана анын достош элине мындан аркы өнүгүү, прогресс жана гүлдөп-өсүү, ал эми ислам үммөтүнө – жакшылык, жыргалчылык жана бакубатчылык алып келишин Жараткандан суранам», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.