Түркмөнстан Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Бийик адеп-ахлактын, руханий тазалыктын жана гуманизмдин символу болгон бул ыйык майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн биримдигин жана ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем.
Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.