Эдил Байсалов Японияда бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япония өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу Эдил Байсаловдун Осака шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Японияга иш сапарынын алкагында орун алды.

Тактап айтканда, минкаб төрагасынын орун басары Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий диалог, экономикалык байланыштар, инфраструктуралык жана гуманитардык долбоорлор талкууланды.

JICAнын улук вице-президенти Сачико Имото менен да жолугушуу болду. Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, кадрларды даярдоо жана туруктуу өнүктүрүү тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Эдил Байсалов JICAнын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Осака шаарында “Биздин жашообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо” урааны астында “ЭКСПО 2025” Дүйнөлүк ЭКСПО өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук павильонун көрсөтөт.  6-июнда бай маданий жана ишкердик программасы менен Кыргыз Республикасынын улуттук күнү пландалган.

Связанный пост