Жайкы туристтик мезгилде 5 министрликтен турган бирдиктүү коопсуздук кызматы иш алып барат

 Жайкы туристтик мезгилде 5 министрликтен турган бирдиктүү коопсуздук кызматы иш алып барат

Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде беш министрликти бириктирген бирдиктүү коопсуздук кызматы иш алып барат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, Нурлан Исмаилов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоо максатында түзүлгөн бул бирдиктүү коопсуздук кызматы быйыл алгачкы ирет ишке кирүү алдында турат.

“Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, Саламатык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги менен биргеликте кызмат түзүлүп, буйрук чыгып, ошол буйруктун талабында жайкысын иш алып барышмакчы. Негизинен Ысык-Көл облусунда көлдүн биосфералык аймагын көзөмөлгө алуу, туристтерге сервистик тейлөө көрсөтүү, коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү кызмат көрсөтүшөт. Аталган министрликтердин өздүк курамы, тартыла турчу техникасы бардыгы сактык нускамага катышат”,- деди Исмаилов.

ИИМдин өкүлү маалымдагандай, беш министрликтин биргеликте иш алып баруусунун негизги себеби, туристтик мезгилде жаратылышты коргоодо, тейлөө көрсөтүүдө жана башка учурларда ушул министрликтердин түзмө-түз ушул тиешеси бар.

“Айрым учурларда кандайдыр бир укук бузуулар болсо ар бир министрликке ыйгарым укугуна жараша чара көрүү үчүн протокол толтуруу мүмкүнчүлүктөрү, укуктары берилген. Укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир укук бузуулар аныкталып калса, биздин компетенциябызга, ыйгарым укуктарыбызга кирбей калган учурлар болуп, министрликтерге кабар берип, чара көрүү үчүн күтүп калган учурлар көп кездешип келген. Эми жаралган маселени тез убакытта чечүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү”,- дейт ал.

Связанный пост