Бир жума ичинде 348 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жума ичинде 348 мас айдоочу кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 26-майдан 1-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 817;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 348;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 145;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 350;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 024;
- Авто ээнбаштык – 45;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 504;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 8;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 582;
Ал эми, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 457 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.