KOICA Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого даяр
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сокхва менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар министрлик менен KOICA`нын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана гранттык жардамдын алкагында санариптештирүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти.
Сыдыков министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган иштер жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын камтыган 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү Улуттук өнүктүрүү стратегиясы даярдалганын белгиледи.
Тараптар стратегиянын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда KOICA`нын вице-президенти Кыргызстанга болгон кызыгуу жогорулап жатканын белгилеп, белгиленген максаттарга жетүүдө корей тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.