Кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту иштеп баштады

 Кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту иштеп баштады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын 22-майынан тартып кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту кайрадан иштеп баштаганы тууралуу маалымдайт. Өткөрүү жеке жактар жана жеңил унаалар үчүн гана жеткиликтүү.
Өткөрүү пунктунун иштөөсүн жандандыруу кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетчү нерсе, “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту 2024-жылы сентябрда убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ачылган.
Кыш мезгили келгенде 2024-жылдын 1-октябрынан тарта кытай тарабы менен макулдашуу боюнча бул өткөрүү пункту аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.
Учурдагы этапта, толук кандуу инфраструктураны куруу зарылчылыгына байланыштуу өткөрүү пункту жөнөкөйлөтүлгөн тартипте – жеке пайдалануу үчүн товарларды кошпогондо, жүктөрдү жана товарларды өткөрүүсүз иштейт.

Связанный пост