Минкаб төрагасы Кара-Сууда ири өндүрүштүк объекттердин курулушунан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар ири өндүрүштүк объекттердин курулушу менен таанышты.

Анда, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында “Салих-Строй” асфальт жана бетон чыгаруучу заводунун курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү. Жалпы 2 гектар жерге курулуп жаткан заводдун жалпы сметалык наркы 261 млн сом, аны 2025-жылга карата бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, ал Кара-Суу районунун Манас айыл аймагында “Жети-Баатыр” эт жана сүт азыктарын чыгаруучу заводунун курулушунан кабар алды. Заводдун курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Жалпы сметалык наркы 427 млн сомду түзгөн завод ишке берилгенден кийин 300дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, “Мындай жергиликтүү ишкерлердин инвестициялары пайда болгону экономикадагы кардиналдуу өзгөрүштөрдөн кабар берет. Жакынкы эле жылдары өлкө чет элдик инвестицияларга гана үмүт кылып келсе, эми өлкөбүздүн жана жеке ишкерлердин кирешелери олуттуу көбөйгөнүн көрүп турабыз. Олуттуу суммадагы каражаттар жеке ишкерлерде болуп жатканы өлкө экономикасынын өсүшүнөн кабар берет. Салык төлөп, таза иш жүргүзүүнү көздөгөн ишкерлерди мамлекет дайым колдоо көрсөтөт”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул объектилер үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 134 өндүрүштүк ишканалардын тизмесине кирген.

Связанный пост