Динара Кемелова Непалда өткөн климаттык маселелер боюнча эл аралык форумга катышты

Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Непалдын Катманду шаарында өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, ошондой эле тоо күн тартибин дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды белгиледи.

Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын делегациясы дагы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анын ичинде Непалдын токой чарба жана курчап турган чөйрө министри Айна Бахадур Шахи Такури жана Индиянын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба министри Бхупендер Ядав менен жолугушту. Мөңгүлөрдүн тез эришине, жайыттардын жана токойлордун бузулушуна каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Президенттин Атайын өкүлү тоо күн тартиби боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоонун, тоолуу өлкөлөрдүн климатты каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн жана тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Динара Кемелова ошондой эле Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында активдүү эл аралык кызматташууга даярдыгын ырастады.

Связанный пост