Кыргызстанда жыл башынан бери 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Кыргызстанда 19-августка карата 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр ушул эле мезгилде өлкө боюнча 597 чакырым жол асфальтталган.
“Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жолдорду куруу жана оңдоо иштери уланууда”, – деп айтылат маалыматта.