Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев таңкы кыдыруу менен ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады.

Биринчи Д.Өмүрзаков атындагы кичи аренага барды. Стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Жалпы аянты 15 452 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу жана 50 унаа үчүн унаа токтотуучу жайды камтыган жертөлөсү бар.

Арена бир гана спорт оюндарын өткөрүү үчүн эмес, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн да ылайыкталган.

Учурда металл конструкцияларын монтаждоо иштери толук аяктады. Сэндвич-панельдерди орнотуу, ички электр тармактарын тартуу иштери жүрүп жатат.

Андан ары «Алга» көп функционалдуу спорт комплексинин курулушунун жүрүшү текшерилди.

Аймактын жалпы аянты 7,4 гектарды түзөт. Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:
* 3000 орундуу футболдук стадион;
* эки машыгуу жана спорт аянтчалары;
* 142 орундуу үч кабаттуу мейманкана;
* дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси.

Учурда ФИФА-4 категориясындагы футбол аянтчасынын, машыгуу аянтчаларынын, унаа токтотуучу жайлардын жана жарыктандыруу системасынын негизги курулуш иштери аяктады.

Тийиштүү кызматтарга иштерди сапаттуу жана тез бүтүрүү үчүн бир катар тапшырмалар берилди.

Калаа башчысы ошондой эле тейлөө объектилери, 220дан ашык унаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлары, эскалаторлор, заманбап лифттер менен жабдылган жер астындагы өтмөктүн курулушунун башталышы менен таанышты.

Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Связанный пост