Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жаңы министрлерди ыкчам иш алып барууга чакырды

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жаңы министрлерди ыкчам иш алып барууга чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында агартуу министри менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралды.

Жыйынтыгында агартуу министри болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалса, Бактияр Орозовдун талапкерлиги илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна жактырылды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жаңы министрлерди депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуш-пикирди эске алууга чакырып: “Жыйын учурунда өлкөбүздүн келечегине керектүү суроо-талаптар коюлду. Андыктан алардын бардыгын эске алып, жигердүү иш алып барыңыздар. Айрыкча мурдатан бери иштеп келе жаткан министр катары Догдуркүл Шаршеевна башталган реформаларды аягына чыгарып, Агартуу министрлигинин ишин алдыга жылдырышыңыз керек. Сиз жетектеген министрликтин аталышы эле жоопкерчилигиңиздин жогору экенин көрсөтүүдө”,– деди.

Ошондой эле Бактияр Орозовго да чоң милдеттер жүктөлүп жатканын кошумчалаган Төрага: “Сиз дагы ыкчам аракеттерди көрүп, буйдалбай реформаларды жасашыңыз керек. Керектүү мыйзам долбоорлору болсо алып келиңиз, парламентте биргеликте карап кабыл алабыз. Жайбаракат иш алып барсаңыз, көздөгөн реформаңызды ишке ашыра албай каласыз. Андыктан, бекем, ыкчам болуңуз”, – деген кеңешин айтты.

Связанный пост