Жогорку Кеңеш Бактияр Орозов менен Догдуркүл Кендирбаеваны министрлик кызматтарга дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына жана Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.
Президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлер менен Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева 2025-жылы QS World University Rankings рейтингине Кыргызстандан 3 гана университет киргенин айтып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, илимий изилдөөлөрдүн методологиясын жана уюштурулушун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи. Эл өкүлү Талайбек Масабиров агартуу министринин функционалдык милдеттерин тактап, мектепке чейинки билим берүү тармагында жигердүү иш жүргүзүүгө чакырды. Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жогорку билим берүү тармагын түп-тамырынан бери өзгөртүү керектигин айтты.
Билим берүү татаал тармак экенин эске салган депутаттар Медербек Алиев менен Мирлан Самыйкожо Догдуркүл Кендирбаевага жана Бактияр Орозовго жооптуу кызматтарда ийгиликтерди каалашты. Эл өкүлү Талант Мамытов Улуттук илимдер академиясындагы илимий-изилдөө институттарынын ишине көңүл бурса, депутат Аида Исатбек кызы орто жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгилеп, Агартуу министрлигинин штатын кыскартпоого чакырды.
Депутат Бактыбек Чойбеков мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кагаз иштерин азайтуу маселелерин ортого салды. Эл өкүлү Аккулу Бердиев мектеп программасына «Ыйман» сабагын киргизүүнү сунуштаса, депутат Эмиль Токтошев мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү керектигин белгиледи. Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев мектептерди окуу китептери, мугалимдерди планшет менен камсыздоо зарылдыгын айтты.
Депутат Жанарбек Акаев Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү туура демилге болгонун белгилеп, мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Депутат Айсулуу Мамашова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу укугун камсыз кылуу зарылдыгын айтып, бул үчүн жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына, ал эми Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.